Бүгүн Сокулук жана Аламүдүн райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт

  Бүгүн, 13-февралда Аламүдүн жана Сокулук райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. “Түндүк электр” ААКсынын басма сөз кызматы билдиргендей, 9:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районунун “Теңдик”, “Келечек”, “Лесхоз” жана “Октябрь” айылдарында өчүрүлөт. Ушул эле убакта Сокулук районунун “Конуш”, “Биринчи Май”, “Саз” айылдарында жана саат 10:00дөн 12:00гө чейин Ново-Павловко айылында да өчүрүлөт. Маалым болгондой, бул өчүрүүлөр “Белогорка”, “Төмөнкү Ала-Арча”, “Карл Маркс”, С.Ибрагимов атындагы “Кудайберген” көмөк чордондорунун оңдоо иштерине байланыштуу экендигин белгиледи басма сөз кызматы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан