Бүгүн, 13-февралда ЖКда 7-апрелдеги талап-тоноо фактысы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы угулат

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 13-февралдагы жыйынында 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноо фактысы боюнча 2012-жылдын сентябрь айында түзүлгөн депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы угулат. Анда аталган комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов баяндама жасайт. Ал эми жыйынга Башкы прокурор Аида Салянова, Ички иштер министри Шамиль Атаханов баш болгон Башкы прокуратуранын жана ИИМдин бир топ жооптуу жетекчилери катышат. Айта кетсек, бул маселе ЖКнын өткөн аптадагы жыйынында каралып аягына чыкпай калган болчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан