"Жаз жаңылануу, өнүгүү,өсүү мезгили болгондуктан, жан дүйнөбүз менен кошо айлана-чөйрөбүздү дагы тазалап, Ноорузду жаңы дем, күч-кубат менен тосуп, алдыга чоң максаттарды коюп, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн өз салымыбызды кошолу. Биргелешкен эмгек элибиздин ынтымагын бекемдеп, жергебизде тынчтык болуп, бакубаттуулук орносун!"- деген тилегин “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы бүгүн Баткен шаарында ишембиликтин алкагында арча отургузуп жатып билдирди. Ошондой эле иш-чарага ЖКнын депутаттары Тынчтык Шайназаров, Улукбек Кочкоровдун катышышы ишембиликке чыккан жергиликтүү элге дем, күч берди.
Айта кетсек, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев тарабынан демилгеленген ишембилик республиканын бардык аймактарында кызуу жүрүп жатат. Ар бир аймакта жол жээктериндеги дарактар акталып, арыктар тазаланып, кар алдында чириген жалбырактар өрттөлдү. Ошондой эле таштандыларды алып чыгууга партиянын тракторлору да колдонулду. Мындан сырткары партиянын өкүлдөрү айрым аймактарда көрүстөндөрдү торлор менен тосуп да беришти.
Кошумчалай кетсек, өлкө боюнча 7 облуста, 44 райондо, анын ичинде ар бир айылда ишембилик өтүп жатканын “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын аймактардагы өкүлдөрү телефон аркылуу партиянын борбордук штабына билдирип турушту. Иш-чараны “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев өзү көзөмөлдөөдө.