Спикердин басма сөз катчысы: "Асылбек Жээнбеков жумушка саат 8:00дө келсин" деген талап туура эмес"

Парламенттин 19-марттагы жыйынында депутат Ирина Карамушкина Бишкек шаарынын тургундарынын Жогорку Кеңештин төрагасынын кортежине болгон нааразычылыктарын билдирген. Шаардыктар спикердин жумушка эрте чыгуусун өтүнүшкөнү, анткени анын кортежи өтөр учурда жолдор тосулуп, окуучулар мектепке кечигип жатканын айтышкан. Бул боюнча төраганын басма сөз катчысы Нурканбек Керимбаев буларды билдирди:
"Бул маселеде депутат Ирина Карамушкинанын айтканы туура эмес. Мыйзам боюнча, жумуш күнү саат 9:00дө башталат. Төрага жумушка саат 7:30, 8 кээде 8:30да келет. Спикердин жумушта түн бир оокумга чейин иштегенге туура келген учурлары көп болот". 
Парламент төрага жекшемби күнү гана эс алары кошумчаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан