
Эртең, 30-июнда Чолпон-Атада ЖККУнун ТИМ кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Жыйында эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда. Терроризмге, экстремизмге, транснационалдык кылмыштуулукка каршы туруу, ошондой эле киберкоопсуздук жана азыркы дүйнөдө барган сайын маанилүү болуп бараткан маалыматтык чакырыктарды камтыган жаңы коркунучтарга өзгөчө көңүл бурулат.
Мындан тышкары иш-чаранын жыйынтыгында мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, интеграцияны тереңдетүүгө жана уюмдун алкагында биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү документтерге кол коюу пландаштырылууда. Бул макулдашуулар аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу жаатында натыйжалуу кызматташуу жана координация үчүн негиз түзөт.
Эске салсак, ЖККУ – катышуучу-мамлекеттердин жамааттык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн түзүлгөн эл аралык уюм, анын курамына: Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.