Парламент Аида Салянованын күйөөсүнө козголгон кылмыш иши боюнча комиссия түзүүгө макулдук берип, кайра чечимин жокко чыгарды

Жогорку Кеңештин депутаттары 19-мартта экс-башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсүнө козголгон кылмыш иши боюнча депутаттык комиссия түзүү боюнча макулдук берип, кайра чечимин жокко чыгарды.
Жыйында "Республика" жана "Ата Журт" фракциялары комиссиянын курамына өз өкүлдөрүн киргизбей тургандыгын айтышты. Көпчүлүк депутаттар комиссия түзүү чечими мыйзамсыз экенин, анда өлкөдөгү ар бир жаран үчүн комиссия түзүү керектигин айтышып, чечимди артка кайтарып алууну сунушташты. Талаш-тартыштардан кийин кайрадан добуш берүү болуп, комиссия түзүү чечими колдоо таппай калды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан