Ар бир адам таза шаарда жашап, таза аба менен дем алгысы келет. Тилекке каршы, шаарлардагы көптөгөн автоунаалар абага уулуу газдарды чыгарып, бир гана адамдын ден соолугуна эмес, жалпы экологияга терс таасирин тийгизүүдө.
Бүгүнкү күнү унаага газ баллон жабдыктарын орнотуу өлкөдө массалык мүнөзгө ээ болду. Буга негизги себеп - газдын бензинге караганда арзандыгы жана экологияга бир топ азыраак зыян келтиргендиги.
Башкы кеңсеси Италияда жайгашкан, 44 мамлекетти газ баллон жабдыктары менен камсыздаган эл аралык “Gazitalia” ("Газиталия") компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Серкан Йылмаз SUPER.KG порталына маек курду.
– Автоунаага газ баллон жабдыктарын орнотууда кайсы нерселерге көңүл буруу керек?
– Биринчиден, компаниянын белгилүүлүгүнө маани бериш керек. Анткени азыркы учурда катардагы унаа оңдоочу жайлар ГБЖларды сатып алып орнотушууда. Эгер кайсы бир жабдык бузулуп же иштебей калса, алар аны оңдой башташат. Биздин компания болсо жабдыкты оңдобойт, дароо жаңыга алмаштырат.
Экинчиден, ишкананын кепилдик бере алгандыгына көңүл буруу зарыл. "Газиталия" компаниясы 2 жыл кепилдик берет. Эгер айдоочу бизден ГБЖ орнотсо, ал 2 жыл бою бизге кайрыла алат. Биз иштебей калган жабдыкты таап, дароо алмаштырабыз.
Мындан тышкары кызматкерлерибизди ГБЖ орнотуу боюнча окууга Италияга жөнөтүп турабыз.
– Газ баллон унаанын арткы капотунун астында жайгаштырылат экен. Эгер унааны аркасынан башка автоунаа сүзсө жарылуу болбойбу?
– Газ баллон бышык болоттон жасалат. Ал эми бензин куюлуучу идиш алюминий же пластиктен жасалат. Демек, кырсыктан улам бензин идишине келчү коркунуч газ баллондукуна караганда коркунучтуураак. Биздин бардык жабдууларыбыз белгилүү дүйнөлүк бренддерден чыгат. Форсунка, редуктор жана башка жабдыктар Италиядан, ал эми газ баллону Түркиядан келет.
– Сиздерде газ баллон жабдыктарынын баалары кандай?
– Баалар автоунаанын кыймылдаткычындагы цилиндрлердин санына жараша коюлат. 4 цилиндрлүү автоунаага - 800 АКШ доллары, 6 цилиндрлүүгө - 1000 АКШ доллары жана 8 цилиндрлүүгө - 1200 АКШ доллары.
Айдоочулардан аталган компаниядан алган газ баллон жабдыктарынын кандай иштегендиги тууралуу сураштырып көрдүк.
Марат Сатаров, Ош шаары: "Тойота Камри үлгүсүндөгү автоунаама ГБЖ орнотконума жарым жыл болду. Бишкек - Ош унаа жолу менен көп каттагандыктан, акчаны мурункуга караганда бир топ үнөмдөй баштадым".
Алина Баитова, Бишкек шаары: "Мен ГБЖны "Газиталия" компаниясынан 2014-жылдын май айында орнотком. Абдан ыраазымын. Бишкекте газ толтуруп берүүчү жайлар көбүрөөк ачыларына ишенем, анткени кечке маал газ толтуруучу жайларда кезек күтүп көпкө туруп калган учурлар болууда".
Байланыш телефону: +996 (707) 900-135.
Дареги: Тимур Фрунзе, №6/Лев Толстой көч.
e-mail: eurogas.kg@gmail.com
www.eurogaz.kg