Бишкекте мас абалында милициянын погонун жулуп алгандар кармалды
Ушул
жылдын 6-ноябрь күнү саат 20:40тар чамасында Бишкектин Панфилов-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде азиат улутундагы 2 мас адам Бишкек ШИИБинин кызматкерине асылып, кызматтык формасындагы погонун жулуп алышкан. Ыкчам аракеттерден улам көп узабай, белгисиз 2 бейбаш колго түштү. Алар 1983-жылы туулган Ш.О. жана 1983-жылы туулган Ж.Э. аттуу адамдар болуп чыкты. Учурда аталган экөөнүн ээнбаштыгы боюнча иликтөө иштери башталды.