Биометрикалык маалыматтар сакталчу флеш-карта жоголуп, 5 күндөн кийин табылды

Биометрикалык маалыматтардын электрондук үлгүсү сактала турган флеш-карта жоголуп, 5 күндөн кийин табылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, "Инфоком" ишканасынын техникалык адистери бул флешканы текшерип, анын ичинде эч кандай биометрикалык маалыматтар жок экенин аныкташты. "Бул жабдык буга чейин колдонулган эмес болчу жана жалпы комплектке кошумча жабдык катары кирген",- деп билдирет мекеме.

"Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча операторлорду окутуу жана жабдыктар менен камсыздоого жооп берет. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкармалыгынын түзүмдөрү укук коргоочулар менен биргеликте жабдыктардын сакталышына жооптуу",- деп эскертет Мамлекеттик каттоо кызматы.

Айта кетсек, 25-мартта Шопоков шаарында биометрикалык маалыматтарды сактай турган флеш-картанын жоголгону айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Gsuita
2015-03-30 17:36:49
Канчалаган акчаларды сарптап маалымат чогулткандан кийин анын коопсуздугун да жакшылап камсыз кылышпайбы? Биздикилерге баары бир да.....
+1
football1
2015-03-30 17:42:26
Ошондой маанилуу маалыматтарды флеш картага да сактайбы, бул деген ошол жердеги кызматкерлердин жоопкерсиздиги.
+1
Rifle
2015-03-31 07:40:11
football1, Бул жесткий диск болушу да мумкун. Негизи бул маалыматтар атайын 2-3 серверде сакталышы керек эле , ар бир белгилуу убакытта синхронизация болуп.
0
formula12
2015-03-30 17:44:57
Просто соз жок.че за халатное отношение.ал жерде канчалаган адамдардын база данныйлары бар эле да.дагы элдин коопсуздугу учун керек деп жанталашып откортту элего окмот,кайра уруу,аферисттерге даяр жем болотурган болдук.
0
st1m_
2015-03-30 20:15:27
formula12, Бизде ушу орусча кошуп жазгандар тыйылбай койду.Окуп озулору деле онтойсуз абалда болгудай,жарымы орусча жарымы кыргызча бул эмне деген тил.Кыргыз тилин сыйлабагандыкпы,же мактанычпы,же арыбыздын жоктугубу?
+5
hairullo
2015-03-30 17:52:02
Эми ошол жоголгон флешкадан дагы саясат жасашпаса болду, парламенттик шайлоодо элди алдаган бир нерсе ойлоп таппагыла дагы, чыдагандын да чеги бар.
+4
Rifle
2015-03-31 07:43:06
Политикада бет жок. Канчалаган шайлоо болду, эмне озгорду ? Деги жулуп жейм баарын,кыйратам деп канчасы чыкты ? Канчалары саясатта журот , баягы эшектер дагы эле журот тентип (ар жерде союлуп)
0
aika1405
2015-03-30 17:59:27
Менин данныйларым менен дагы бироого паспорт дасап берсе деле тан калбайм.
+6
kaniet
2015-03-30 18:05:39
Кайсы акмак жоготту экен, ичинде эч нерсе жок болчу деп жаш баланын жообун бериптир да, жоопкерчилик жок до, тапшыр эле тапшыр деп артынан кууп тапшыртышты эле го
+4
admin_media
2015-03-30 18:33:32
kaniet,
Коомдук этиканы сактаңыз!
0
zhykyo
2015-03-30 18:26:14
5 кундо Казахстанга 10 жолу кирип чыкса болот
+1
Nurmuhammad.
2015-03-30 18:32:37
Кыскасы шайлоо ыплас жол менен отсо керек. Уже шайланып калыптыр мишго...
+3
Rifle
2015-03-31 07:44:34
Уурдалган биометрикалар бироого добуш берип кете бердиби ?
0
timashi
2015-03-30 19:55:23
биометркалыктан отушту бул деген атамбаевдин саясаты. шайлоого келбегендерди эми оздору шайлап коюшатко
+3
chon-alai90
2015-03-30 20:09:13
саясат да бул деген алдын ала атамбаевди шайлады деген
+1
nureldik92
2015-03-31 00:22:03
ал флешкартаны жон жоготушкан жок
бир нерсеге пайдаланып жатышат.
0
Aviator
2015-03-31 02:05:55
эшек жайлоо...
0
nurkasym-2014
2015-03-31 07:09:31
Шайлоо таза болооруна козум жетпейт.
0
shabdan_osh
2015-03-31 10:38:48
Флешканын жоголушуна Бакиевдерди куноолобосо гана болгону
+1
KERI_0000
2015-03-31 15:49:43
shabdan_osh,хе хе хе)))) кутсо деле болот...
0
SherhaN
2015-04-01 14:04:12
шалаакылык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан