Бүгүн, 23-июлда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейдде Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынын азыркы жетекчисине тийишти.
"Ошол эле бойдон жатат. Эч нерсе кылган жок. Америка болот деп жатат элеңер го шефиң (ред.: Жашылдандыруу ишканасынын мурунку жетекчиси) экөөң",- деди мэр.
Комбинаттын жетекчиси Азамат Советбек уулу аймакты "Автотранс" ишканасы иретке келтирүүнү моюнга алганын түшүндүрдү.
Ал эми калаа башчысы имараттын ээлери менен сүйлөшүп, эптештире албаса мэрияга өткөрүп бериши керектигин айтты.