Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев жарандардын өмүрүн алып кеткен Охот деңизиндеги кырсыкка байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. "Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө чын дилден көңүл айтуумду жеткирип коюуңузду өтүнөм",- деп айтылат президенттин көңүл айтуу телеграммасында.
Эскерте кетсек, 1-апрелден 2сине караган түнү балык уулоочулардын кемеси чөгүп кеткен. Маалыматтарда аталган кырсыктан кемедеги 132 адамдын 54ү каза тапканы айтылды.