Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 2-апрелде Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевге жарандардын өмүрүн алып кеткен Охот деңизиндеги кырсыкка байланыштуу көңүл айтты.
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
"Урматтуу Дмитрий Анатольевич!
Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде Охот деңизинде “Ыраакы Чыгыш” траулеринин адам курмандыктары менен коштолгон кырсыкка кабылышына байланыштуу көңүл айтам. Бул кайгылуу окуяда өз жакындарын жана туугандарын жоготкондордун кайгысын тең бөлүшөбүз. Курман болгондордун жакындарына көңүл айтам жана жабыркагандардын тез арада сакайып кетишине тилектештигимди билдирем",- деп айтылат Оторбаевдин көңүл айтуу катында.