Бишкекте Мамлекеттик салык кызматынын Бажы союзуна кирүү процессине даярдыгы талкууланды

Мамлекеттик салык кызматынын Бажы союзуна кирүү процессине даярдыгы талкууланды. Мекеменин маалымат кызматы 3-апрелде билдиргендей, атайын жыйын өтүп, анда ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин салык органдарынын ортолорунда маалымат алмашууну уюштуруу маселеси каралды. 

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Октябрь Абдыкаимовдун билдиришинче, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүдө тийиштүү иштер аткарылды. Бишкекте орус жана казак шериктештердин катышуусу менен тажрыйба алмашуу боюнча жолугушуулар, Астана жана Минскте көчмө семинар-кеңешмелер, тышкы экономикалык ишмердик менен алектенишкен салык төлөөчүлөр үчүн даректүү семинарлар уюштурулду. 

Евразиялык экономикалык комиссиянын башчысы Владимир Скиба белгиленген планды ишке ашыруудагы кыргыз мамлекетинин аракетине ЕАЭСке мүчө мамлекеттердин салык органдары жардам көрсөтөрүн билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан