Мыйзамсыз иштеген акча алмаштыруучу жайларга айып пул жогорулашы мүмкүн

Бүгүн, 3-апрелде парламенттин КСДП, "Ата Журт" жана "Ар-намыс" фракциялары өз жыйындарында акча алмаштыруучу түйүндөргө мыйзамсыз иштегендиги үчүн айып пулду жогорулатуу демилгесин колдошту.
Тиешелүү мыйзам долбоорунун демилгечиси, Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, банктык мыйзамды бузгандыгы үчүн жарандарга айып пулду 2 миң сомдон 50 миң сомго чейин, кызматтык адамдарга 3 миң сомдон 100 миң сомго чейин, ал эми юридикалык жактарга 200 миң сомго чейин жогорулатуу демилгеленүүдө. 
"Быйыл Улуттук банк жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында лицензиясыз валюта алмаштыруу операциясын жүргүзүү боюнча 161 факт катталган. Республикалык бюджетке төлөнгөн айыптардын жалпы көлөмү 202,5 миң сомду түздү",- дейт Абдыгулов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан