Борбор калаада мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү уланууда. Бул тууралуу 3-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаментинин кезектеги рейдинде Арча-Бешик конушунун Шербет көчөсүндөгү муниципалдык жердин эсебинен тиешелүү документтерисиз 1,50х20,0 м өлчөмүндө дубал куруу фактысы аныкталды.
Департаменттин түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин жер тилкесинин ээси Ж.Алоева өз ыктыяры менен дубалды түрттүртүп, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.