Ош шаарындагы мектептерде Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата “Биз согуш ардагерлерин сыйлайбыз”, “Улуу Жеңишке 70 жыл!”, “Согуш ардагерлерин ардактай билели” деген темаларда класстык жана тарбиялык сааттар өтүлүүдө.
Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, буга катар согуштагы жеңишти чагылдырган дубал гезиттери чыгарылып, окуучулар арасында дил баян, эссе жана сүрөт сынактары болууда. Алдынкы күндөрдө белгиленген план боюнча согуштун, эмгектин ардагерлерин мектептерге чакырып, окуучулар менен жолугушуулар уюштурулат жана согуш ардагерлерине ар кандай жардамдар көрсөтүлөт.