Олимпиадага даярдоо борборунун директору Үсөнкан Майназаровдун эркин күрөш боюнча улуттук курамдын машыктыруучусу тарабынан сабалганы боюнча чыр уланууда. Аталган борбордун кызматкерлери машыктыруучуну мыйзам чегинде жоопко тартууну өкмөттөн суранышты.
Маалым болгондой, борбордун кызматкерлеринин кайрылуусу КРнын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевге, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешовго жана Бишкек шаардык прокуратурасына жөнөтүлдү.