Бишкектеги Фучик сейил багында тоноочулук кылып жүргөн жигиттер сурак беришүүдө

5-ноябрдын түнүндө Бишкектин "Фучик" сейил багында 18-20 жаштардагы 2 жигит Бишкек шаарынын 25 жаштагы жашоочусун коркутуп, күч колдонуп, үстүндөгү күрмөсүн чечип алышкан. Ушул эле күнү аталган сейил бактан 2 баланын уюлдук телефонун тартып алышкан. Ленин РИИБинин кызматкерлеринин ыкчам иликтөө аракеттеринен улам кылмышка шектүү деп 1993-жылы туулган К.Н., 1995-жылы туулган Ж.А. аттуу жарандар кармалды. Иликтөө иштери уланып жатат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан