Былтыр өлкөдө 110 тонна тамак-аш түрүнүн сапаты нормага туура келбегендиги аныкталган

Былтыр өлкө боюнча 100гө чукул азык-түлүк тараткан субъектте 110 тонна тамак-аштын нормага туура келбегендиги аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде маалымат жыйынында Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Агромаркет жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча саясат башкармалыгынын жетекчиси Жумабек Асылбеков билдирди. Анын айтымында, өлкөдө 50 Бактериологиялык лаборатория иштейт. Ошондой эле 48 Санитардык-гигиеналык борбор бар.
"Тилекке каршы, биздин тамак боюнча коопсуздугубуз сакталбагандыгын көрүп жатабыз, муну биз жүргүзгөн текшерүүлөр көрсөтүүдө. Сапатка жооп бербеген эт, сүт жана башка азыктар чыгып жатат.
Муну менен катар тамак-аш субъекттерин текшерүү боюнча мыйзам бар, ага ылайык, Санитардык инспекция текшерүү болорун 10 күн эрте билдириши керек. Бул туура эмес болуп калат экен. Алар бул убакыт ичинде болгон кемчиликтерин жаап-жашырууга жетишип калышат". 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан