Чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бир нече жолу бузса, өлкөдөн чыгарылат

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети 6-апрелдеги отурумунда Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды. 
Демилгечи депутат Майрамбек Расуловдун айтымында, бул долбоордогу негизги өзгөрүү - мыйзам бузган чет өлкөлүк же жарандыгы жок жаранды өлкөдөн чыгарып жиберүү. "Чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бир нече жолу бузса, бирок аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз болбосо, же кылмыш жоопкерчилигинен өз ара элдешүү жана келтирилген чыгымды төлөө менен бошотулса, ал административдик түрдө өлкөдөн чыгарылып жиберилет" деген норманы аталган мыйзамга киргизгени жатабыз",- деди демилгечи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан