
Чүй облусунда Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Хизбут-Тахрир аль-Ислам” уюму мүчөлөрү аныкталып, тергөө кызматына жеткирилди. Бул тууралуу облус милициясы кечээ, 30-июнда кабарлады.
Маалым болгондой, аталган диний экстремстйтик уюмунун идеологиясын жайылтуу менен алектенген 1971-жылы туулган Г.К. жана 1977-жылы туулган М.А. аттуу тургундар аныкталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан бул фактынын алкагында текшерүү иштери өткөрүлүп, жогорудагы жарандардын үйлөрүнө тинтүү иштери жүргүзүү учурунда тиешелүү далил заттар катары уюлдук телефондор жана китепчелер алынган. Алынган материалдарга карата бардык керектүү экспертизалар дайындалган, учурда тергөө иштери уланууда.