Нарында 7-Апрель окуясында курман болгондорду эскерүү митинги болуп өттү

Бүгүн, 6-апрелде Нарын шаарында 7-Апрель революциясына карата эскерүү митинги өткөрүлдү. Маалыматты өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, 7-апрелде каза болгон маркумдардын жакындары жана 7-Апрель революциясынын баатырлары катышты.

Алгач митингде маркумдарга куран окулуп, андан соң облус башчысы Кайыпов Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен калың журтту кысымга алып башкаруусу эзелтен элибиздин канына сиңген эркиндик, адилеттүүлүк, намыс сезимдерин козгоп, Бакиевдердин жасаган кылмыштары элдин кыжырдануусун ого бетер күчөтүп, толкундоого алып келгенин айтты. “Мындай кордукка чыдап туруу мүмкүн эмес” деп эркиндикте, чыныгы демократиялуу өлкөдө жашагысы келген жигиттерибиз кландык башкарууга каршы чыкканын баса белгиледи. Маркумдардын ата-энелерине, жакындарына, туугандарына кайрат айтам. Уулдарыңыздар өлгөн жок. Алар жоокер ата-бабаларыбыздын жолун улай, мамлекетибиздин кийинки келечеги үчүн зор эрдик жасашты. Мекенин сүйгөн адам жан дили менен эли үчүн кандай кызмат кыларын көрсөтүп, тарых барактарында өчпөс тамгалар менен жазылып калышты. Мындай уулдарды эрезеге жеткирип, тарбиялаган ата-энесине, тууган-уругуна тизе бүгүп таазим кылабыз. Алардын эрдиги эч качан унутулбайт,- деди облус жетекчиси.

Катышкандар азыркы бийлик башындагылар өткөн бийлик башчыларынын каталарын кайра кайталабай турганына чоң үмүт артышарын билдиришти.

Айта кетсек, Апрель революциясына карата иш-чараны өткөрүүгө жана бул революциянын 71 катышуучусуна жана 7-апрелде каза болгон 30 маркумдун үй-бүлөлөрүнө акчалай жардам көрсөтүү максатында облус башчынын резервдик фондунан 125 миң сом бөлүнгөн.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан