АКШнын Тышкы иштер министрлиги Израилге 510 миллион долларлык аскердик жабдуу - так башкарылган бомбалар (JDAM) үчүн атайын башкаруу комплекттерин сатууга уруксат берди. Бул тууралуу расмий билдирүүнү АКШнын Коргонуу коопсуздугу боюнча кызматташтык агенттиги таратты.
Маалыматка караганда, Израил АКШдан 3 845 даана KMU-558B/B жана 3 280 даана KMU-572 F/B JDAM комплекттерин сатып алууну сураган. Бул жабдуулар BLU-109 жана MK-82 бомбаларына орнотулат жана алардын так, максаттуу түрдө атылышын камсыздайт.
Сатуу келишимине мындан тышкары инженердик, техникалык жана логистикалык колдоо да кирет.
АКШ өкмөтү мындай келишим Израилдин коопсуздугун бекемдеп, АКШнын тышкы саясаты менен улуттук коопсуздук максаттарына шайкеш келерин билдирүүдө. Ошондой эле бул келишим Израилдин аймагын, инфраструктурасын жана калкын коргоо мүмкүнчүлүгүн жакшыртарын жана эки өлкө аскердик кызматташтыгын бекемдээрин белгилешти.
Бул башкаруу комплекттеринин айрымдары АКШнын азыркы аскердик кампаларынан берилет. Америка тарап бул келишим өзүнүн аскердик даярдыгына зыянын тийгизбейт деп билдирди.