Өкмөт. 3 ай аралыгында бизнес сектордон түшкөн салыктын көлөмү 10,5 пайызга өстү

3 ай аралыгында бизнес сектордон түшкөн салыктын көлөмү 10,5 пайызга өстү. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде жеке секторду өнүктүрүүгө арналган программаны талкуулоо учурунда премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. "Өлкөдө импорттун азайгандыгына, ошондой эле улуттук валютага болгон кырдаалга карабай алгачкы 3 айда экономикалык өсүштүн көрсөткүчү 7,7 пайызды түздү. Биз аталган программаны түзүүдө жеке сектор өкүлдөрү менен макулдаштык. Ал ишкерлер үчүн бир топ жеңилдиктерди карайт",- деди Оторбаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан