Талас облусунун башчысы Койсун Курманалиева кызматтан кетерин билдирди

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиева кызматтан кетүү тууралуу жарыя кылды. Бул тууралуу 6-апрелде SUPER.KG порталына анын жардамчысы Нуркан Токторбаев билдирди. Анын айтымында, Курманалиева аталган кызматтан өз эрки менен кетүүдө.

“Облус башчы бүгүн "Манас-Ордо" комплексинде 7-Апрель революциясында курман болгондорду эскерип жатып, элдин алдында кызматтан кетерин айтты. Бирок азырынча арыз жаза элек”,- деди жардамчысы.

Айта кетсек, Койсун Курманалиева аталган кызматка 2010-жылы 6-апрелде элдин колдоосу менен келген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан