Жогорку Кеңештин депутаттары Кытайдан мөмө-жемиштерди алып келүүгө тыюу салууну сунушташты

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйында депутат Бактыгул Маматов базарларда Кытайдан келген мөмө-жемиштер толуп кеткенине нааразы экенин билдирди.

Анын айтымында, Кытайдан келген мөмө-жемиштерден жаш балдар ооруп калган учурлар көп байкалууда. "Кытайдан мөмө-жемиштерди импорттоого тыюу салыш керек. Эмнеге тиешелүү инспекция кытай продукцияларын текшербей жатат?"- деп сурады депутат. 

Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев мөмө-жемиштерди текшерген Ветеринардык жана фитосанитардык инспекция аталган министрликке баш ийбегендигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан