Бүгүн, 6-апрелде Талас облусунда 7-Апрель революциясында
курман болгондор эскерилди.
Иш-чарага облус башчысы Койсун Курманалиева жана Жогорку
Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттар тобу катышканын облустук
администрациядан билдиришти. Эскерүү учурунда Апрель революциясында курман болгондорго
арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлду.
Өмүрбек Текебаев иш-чара соңунда элдин биримдиги баарынан жогору турарын айтты. “Уруу-урууларга, аймак-аймакка бөлүнбөй, ар бир жаран мамлекеттин бүтүндүгүн кымбат жана ыйык нерсе катары сезе билиши керек. Буга чейин баштан кечирген 2005, 2010-жылдардагы окуялардан сабак алып, өнүгүүгө умтулууга тийишпиз. Коомдо жат көрүнүштөр болбосун десек, катардагы ар бир атуул өз сезим-туюмунда революция жасап, ак менен караны ажырата билиши керек. Терс көрүнүштөргө себепчи болчу кадамдардан ар бир адам өзүн тыя билгенде гана өнүгүүнүн туруктуулугу сакталат”,- деди депутат Текебаев.