Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдагандай, бүгүн өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусуна болгон 2 күндүк иш сапарын баштады. Премьер-министр Чоң-Алай, Алай, Кара-Кулжа райондорунун социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышып, жергиликтүү калк менен жолугуп, маселелерин угат.