Бүгүн, 14-апрелде өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путинге, ошондой эле Хакасия Республикасынын башчысы Виктор Зиминге Хакасиядагы өрттөрдүн кесепетинен болгон курмандыктарга жана олуттуу кыйроолорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, ушул кырсыктын кесепетинен жабыр тарткандардын баарына алардын тезирээк сакайып кетишин каалаарымды жеткирип коюуңузду өтүнөм”,- деп айтылат президенттин көңүл айткан телеграммасында.