Бишкекте бир катар курулуш объектилеринин аймагында санитардык эреже бузулганы аныкталды

Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы кезектеги рейд алкагында курулуш объектилеринин тегерегинде санитардык эрежелер бузулуп жатканын аныктап, кожоюндарынын атына протокол түздү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Рыскулов көчөсү-33, Жибек-Жолу-386 жана Байтик баатыр-92 даректеринде айлана-чөйрө антисанитардык абалга жетип, таштандылар баш аламан ташталганы аныкталган. Аталган инспекция тарабынан КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 488-беренеси боюнча бул жайлардын кожоюндарынын аттарына протокол түзүлүп, тиешелүү административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан