Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-апрелде “2014-жылдын 1-июнунда Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар мамлекетинин ортосундагы кош салык салуудан качуу, киреше салыгын төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.
Документти Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 12-мартында кабыл алган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Катар тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы тууралуу кабарлоого милдеттендирилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.