Орусиянын президенти Владимир Путин абройлуу "Тайм" журналынын тандоосу боюнча эң таасирдүү 100 адамдын тизмесинде окурмандардын добуштары менен биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалыматтарга ылайык, бул 1999-жылдан тарта жыл сайын жарыяланып турган рейтингге дүйнөдөгү кырдаалга зор таасир эткен адамдар кирет. "Путин добуштардын 6,95 пайызын алды. Добуштардын 6,9 пайызын топтоп, экинчи орунду түштүк кореялык ырчы айым Ли Че Рин ээледи. Үчүнчү орунда дагы бир ырчы айым Леди Гага (2,6 пайыз) жайгашты.
Ал эми саясий жана коомдук ишмерлердин арасынан Далай Лама - 1,7 пайыз, Рим Папасы Франциск - 1,5 пайыз, Барак Обама 1,4 пайыз топтоду",- деп билдиришет басылмалар.
Айта кетсек, былтыр да аталган журналдын окурмандары В.Путинди "Жылдын адамы" деп табышкан.