2015-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын Азия инфраструктуралык инвестиция банкына (АИИБ) уюштуруучу мүчө катары кошулуу ниетин жактыруусун тастыктаган кытай тараптын каты келип түштү. Кыргыз Республикасы АИИБ учурдагы уюштуруучу мүчөлөрүнүн бир добуштагы колдоосунун негизинде анын 37-уюмдаштыруучу мүчөсү катары кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
АИИБинин максаты:
1. Максаттуу эсептелген инфраструктурага жана башка өндүрүштүк тармактарга инвестициялоо аркылуу Азиядагы экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү жана инфраструранын өз ара аракеттенүүсүн орнотуу;
2. Өнүктүрүү жаатындагы милдеттерди чечүүдө аймактык кызматташууну жана шериктештикти өнүктүрүү, башка көп тараптуу каржылык институттар менен тыгыз кызматташуу.
3. Өнүгүп келе жаткан аймактык мүчөлөрдүн инфраструктурасына инвестициялоо, анын катарында энергетика, транспорт жана телекоммуникация, айыл чарбасы, суу менен камсыздоо, айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана башка өндүрүштүк тармактарга инвестициялоо.