Жаштар министри Айбек Азыранкулов Орусиянын Миграция кызматынын башчысы Константин Ромодановский менен мигранттардын маселесин талкуулады

Эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов бүгүн, 15-апрелде Орусиянын Миграция кызматынын башчысы Константин Ромодановский менен жолугушту.  

Жаштар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар жолугушууда кыргыз мамлекети Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин Кыргыз Республикасынын жарандарынын Орусияга эркин кирип чыгуусу боюнча маселени талкуулашты. Жыйынтыгында кыргыз мамлекетинин Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өкүлчүлүгүн Орусияда ачуу боюнча келишимге кол коюшту.

Андан соң министр Москванын четиндеги Сахарово кыштагындагы Көп тармактуу миграция борборунда болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан