Жогорку Кеңештин 16-апрелдеги жыйынында депутат Исмаил Исаков Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын бир нече жылдан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөрүнө токтолду. Эл өкүлү жаңы конуштардын жолдоруна асфальт салынбаса да, шагыл менен түздөөнү сунуштады.
"Конуштардагы жолдор талкаланган, сапаты начар. Ооба, бюджетте акча жетпейт. Бирок шагыл төгүп, жолду түздөп койсо болот",- деди депутат.
Мындан тышкары ал конуштарда канализацияларды куруу маселеси чечилбей жатканын кошумчалады. "Тургундар канализацияларды курууга өкмөт урусат бербей жатканын айтышты. Өкмөт бул маселе боюнча бир саясат жүргүзүшү керек да. Канализациялар бардык аймактарда болушу шарт",- деди Исаков.