Жогорку Кеңештин төрагасы "Равшан Жээнбековго окшогон чагымчылдарды өлкөдөн кууп чыгабыз" деди

Парламенттин 16-апрелдеги жыйынында спикер Асылбек Жээнбеков депутат Равшан Жээнбековду "келесоо" деп атады. Жыйында Равшан Жээнбеков жакында өткөн оппозициянын курултайында катышуучулардын бири 2010-жылкы Ош окуясында Асылбек Жээнбеков курал таратканын айтканын билдирди. 
Парламент жетекчиси депутатка жооп катары буларды айтты:      
"Шайлоо жакындап калды. Кандай жол менен болсо да кайра депутат, премьер-министр болушум керек дегендер чыкты. Равшан Бабырбекович, элдин биримдиги депутаттыктан, премьерликтен да жогору турат. Курултайда айтты дейт... Келесоонун сөзүн кайталап сүйлөгөн адам өзү да келесоо. Спикер болгондон кийин анча-мынчага көңүл бурбай, соттошпой,  "ит үрө берет, кербен жүрө берет" дейин дедим эле. 
Ошол сөздү айткан Капаров деген сотто утулган, 100 миң сом айыпка жыгылган. Акчаны
жатак-мектептердин бирине которушу керек эле, бирок азыркыга чейин которо элек. Эми депутатты күбө кылып, сотко берем. Чагымчылдардын айынан каргашалуу окуялар болду, мындан ары андай болбойт. Керек болсо сизди өлкөдөн кууп чыгабыз". 
Асылбек Жээнбеков "Равшан Жээнбеков жүргөн жерге чөп чыкпайт" деген сөзүн кайра кайталады. 
"Сиз жүргөн жерге чөп өспөйт, мына, Украинага бардыңыз эле, чөп өспөй жатат. Сиздин былык иштериңиз тууралуу фактылар турат, мен бүгүн журналисттерге берем. Эл кимдин ким экенин билиши керек. Убагында пансионаттарды сатып, бир чоң пансионатка ээ болуп калган ким экенин билсин. Кылмыштын эскирүү мөөнөтү бар, ошондуктан кутулуп кеттиңиз. Оорукананын аймагындагы далай мекемелерди, бала бакчаларды саткансыз. Талас шаарында курулушу бүтө элек бала бакчаны саткансыз. Элге рахмат, сизди Таласка барганда батырып жатат. Сиз баскан жерге араң-араң чөп өстүрүп жатабыз, сиз сатып жок кылган нерселерди куруп жатабыз. Эгер ушул айткандарыма да түшүнбөсөңүз, анда кабинетке келиңиз, эркекче сүйлөшөлү, сүйлөп алып жыйындан чыгып кетүү эркектик эмес",- деди төрага. 
Төрага депутат Жээнбековду чагымчыл деп атап, парламенттин кийинки жыйынында сөз бербей турганын билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан