Нарындык 2 окуучу илим жаатында өзгөчөлүк жаратып, Казакстанда өткөн олимпиадада 1-орунду ээлешти

Казакстанда 30 өлкөдөн келген 308 окуучунун катышуусунда эл аралык долбоор боюнча "Infomatrix" олимпиадасы болуп өттү. Бул олимпиадага кыргыз өлкөсүнүн желеги астында катышкан 2 окуучу өзүлөрү ойлоп тапкан мультифункционалдык сызгыч анимациясын көргөзүп, 1-орунду ээлешти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, байгелүү кайткан кыргыз окуучулары - Нарын шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинин 10-классынын окуучулары Теңирбек Карыпжумаев менен Нурсултан Шакиров. Алар сызгыч менен циркулдун аткарган кызматтарын бириктирип, түрдүү геометриялык фигураларды сызууга ылайыктуу сызгыч ойлоп табышкан. Бул ойлоп табуудан кийин циркулдар аз колдонулуп, анын ордуна дал ушундай сызгычтар колдонула баштайт деген божомол айтышты комиссиянын мүчөлөрү. Алар илим тармагында мындай ачылыш алгачкы жолу катталганын да кошумчалашкан. 

Нарындык 2 окуучу Казакстандагы олимпиадада 1-орунду ээлешти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
uragan007
2015-04-21 15:41:31
азаматсынар. ийгилик
+2
Kara-kulzha
2015-04-21 15:47:48
Азаматтар
+1
mirana9395
2015-04-21 16:14:28
Азаматсынар, дагы силердей адамдар элибизде кобой берсин
0
Misirov-Nurlan
2015-04-21 16:37:59
молодцы жигиттер,так держать!
0
E.TARZAN
2015-04-21 17:22:54
Азаматсыңар!Кыргыздын желегин башка мамлекетке желбирете бергиле азаматтар!
0
Sadyrov_n93
2015-04-22 00:23:23
Азаматсынар жигиттер,дагы да алга гана.
0
aybekerlan
2015-04-22 09:43:34
Азаматсыңар Кыргыздын Жигиттери. Себат билим берүү мекмесине да рахмат. Жылдызкан Жолдошева сыяктууларга кабар берип койгула, Кыргыздын атын алыска тааныткан лицейлерди кеч боло электе жабуу керек деп жүрбөдү беле.Айтор Жолдошева кечигип калды, Себаттын окуучулары 1-орунду алып коюшту.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан