Сауд Арабияга АКШ өндүргөн алгачкы THAAD абадан коргонуу системасы орнотулду

Сауд Арабияда АКШнын өндүрүшүндөгү Жогорку Бийиктиктеги Акыркы Бөлүктө Абадан Коргонуу Системасы (THAAD – Terminal High Altitude Area Defense) расмий түрдө ишке киргизилди. Бул тууралуу Сауд Арабиянын расмий SPA маалымат агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, системаны орнотуудан мурун зарыл болгон сынактар, текшерүүлөр жана өлкө аймагындагы аскерлер үчүн талаа машыгуулары өткөрүлгөн.

THAAD системасы өлкөдө биринчи жолу колдонууга берилгендиктен, Жидда шаарындагы Аба коргонуу күчтөрүнүн институтунда атайын салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Ага Аба күчтөрүнүн командири Мезид бин Сулейман аль-Амр катышты.

Иш-чарада генерал аль-Амр, THAAD системасын көзөмөлдөй турган аскердик бөлүктүн командирине бөлүмдүн туусун тапшырды.

Маалыматта айтылгандай, АКШ тарабынан иштелип чыккан бул система Сауд Арабиянын армиясынын даярдыгын жогорулатуу жана өлкөнүн аба мейкиндиги менен стратегиялык объектилерин коргоо максатында орнотулган.

Маалымат үчүн: THAAD — АКШнын Кургактагы күчтөрүнө таандык, Lockheed Martin компаниясы тарабынан иштелип чыккан. Кыска жана орто аралыктагы баллистикалык ракеталардан коргоого багытталган абадан коргонуу системасы болуп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан