Жоомарт Оторбаев өлкөнүн Евразиялык экономикалык союзга кошулуусу боюнча иштерди тездетүү тапшырмасын берди

20-апрелде премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кошулуусу боюнча ведомство аралык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү.

Кеңешмеде Москва шаарында 23-февралда кол коюлган КРнын ЕАЭБ кошулуусу жөнүндө келишимдин ажырагыс бөлүгү эсептелген Кыргызстандын ЕАЭБ кошулуусу боюнча эки протоколуна кол коюлуусуна тийиштүү маселелер талкууланды.

Мындан тышкары кеңешменин катышуучулары КРнын ЕАЭБ кошулуусу боюнча жол картасын ишке ашыруу маселелерин, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын ЕАЭБ талаптарына ылайык келтирүү боюнча иштин экинчи баскычын өткөрүү, кыргыз өкмөтү жана Орусиянын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө келишим алкагында бөлүнүүчү 200 миллион долларды өздөштүрүү маселеси каралды.

"Жыйынтыгында премьер-министр тарабынан министрлик жана ведомстволорго Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларын ЕАЭБ талаптарына ылайык келтирүү, КРнын ЕАЭБге кошулуусу боюнча келишим жана протоколдордун ички мамлекеттик процедуралардан өткөрүлүшү боюнча ишти тездетүү тапшырмасын берди",- деп билдирет өкмөттүн маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан