Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.
Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору жеке детективдердин жана жекече күзөтчүлөрдүн кардарларынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында иштелип чыгып, жеке детективдер үчүн кошумча ыйгарым укуктарды белгилөөгө жана жеке күзөтчүнүн укуктук статус алышы үчүн кошумча чектөөлөрдү киргизүүгө багытталууда.
Жекече күзөтчү статусун алууга эгерде мындай ыйгарым укуктар токтотулгандан же бошотулгандан кийин кеминде үч жыл өтсө, КРнын мыйзамдарына ылайык, тартип бузуу менен мамлекеттик кызматкердин наамын дискредитациялоого байланыштуу же ага карата ишенимди жоготкон жоругуна байланыштуу негиздер боюнча мамлекеттик кызматкердин ыйгарым укуктарын токтоткондор талапкер болууга укуксуз экени белгиленүүдө. Ошондой эле коомдук тартипке жана коомдук коопсуздукка же сот адилеттүүлүгүнө шек келтирген административдик укук бузууга барганы үчүн административдик жоопкерчиликке бир жылдын ичинде кайра тартылгандар да жекече күзөтчү статусун алууга талапкер боло албастыгы кошумчаланган.
Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.