Жогорку Кеңеш: Болочок жубайлар алдын ала нике келишимин түзүүгө милдеттендирилүүдө

Өлкөдө болочок жубайлар баш кошордо алдын ала нике келишимин түзүп башташы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 22-апрелдеги жыйынында каралууда.
Демилгечи депутат Надира Нарматованын айтымында, мындай демилге никеге турууну каалаган жарандардын мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында иштелип чыккан. "Нике келишимин түзүү өтө олуттуу артыкчылыктарга ээ. Азыр айрым келиндер күйөөсү таштап кеткенден кийин кыйналып жатышат, кароосуз калышууда. Мыйзам долбоору ишке ашса, ажырашып кеткенде сотко кайрылуунун жана моралдык жана материалдык бөлүшүүнүн кереги жок болуп калат",- деди Нарматова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан