LG компаниясы Лас-Вегаста CES® 2015 эл аралык көргөзмөсүнө биринчи жолу жаңы LG G flex 2 смартфонун чыгарды. Өзүнүн инновациялык дизайны жана стандарттуу эмес концепциясы менен түрдүү категорияда 12ден ашык сыйлыкка жана көптөгөн жылуу пикирлерге арзыды.
LG G flex 2 прогрессивдүү дизайны, иш аткаруу тездиги, эң башкысы, колдонуудагы сонун ыңгайлуулугу жана колдонуучулук интерфейсинин түшүнүктүүлүгү менен параметрлердин көптүгү боюнча мыкты жетишкендиктерди даңазалайт.
LG G flex 2 эффективдүү жана тез иштөө үчүн кубаттуу 64 бит, 8 ядролуу Qualcomm®Snapdragon™ 810 процессору менен жабдылган. Ал 5,5 дюймдук экранды Full HD`ге чейин чоңойтууга мүмкүндүк берет, ал эми жаңыланган программалык камсыздоо көптөгөн жаңы ыңгайлуу функцияларды сунуштайт.
G flex 2 корпусунун ийилчээктиги өзүнөн мурун чыгарылган аппараттардын көрсөткүчтөрүн басып өтөт. Анын эргономикалык дизайны сырткы добуштарды азайтуу жана микрофондун жакшы иштеши үчүн микрофонду оозго жакындатат. Экрандын мүмкүнчүлүгү 1080 p Full HD`ге чейин көбөйтүлдү, экрандагы ар бир деталь тунук жана жандуу көрүнөт.
Арткы капкактагы өзүн өзү калыбына келтирүүчү каптамасы чийилип калганына карабастан, смартфондун жаңыдай көрүнүшүнө жардам берет. Калыбына келүү ылдамдыгы мурунку үлгүлөргө салыштырмалуу кыйла кыскарды: бөлмө температурасында 3 мүнөттөн орточо 10 секундага чейин.
LG смартфондорунан гана көрүүгө болгон дагы бир инновациялык
технологиялардын бири - лазердик автофокустуу, биринчи жолу популярдуу LG G3
үлгүсүнө колдонулган абдан тез иштөөчү камера. Бул G flex 2ге
жарык жетиштүү эмес жерлерде аралыкты лазердик нурдун жардамы менен өлчөп,
сонун сүрөттөрдү тартууга мүмкүндүк берет. G flex 2 сүрөттөрдүн сапаты боюнча көптөгөн
фотоаппараттар менен жарыша алат.