2015-жылы жеке менчик бала бакчалардын тарбиячыларына мамлекет тарабынан маяна төлөнүшү мүмкүн

"2015-жылдын республикалык бюджетине толуктоо аркылуу жеке менчик бала бакчалардын тарбиячыларына маяналар каралууда",- деп билдирди премьер-министр Жоомарт Оторбаев 23-апрелде Жогорку Кеңеште. Оторбаев 2014-жылы менчиктештирлип кеткен бала бакчалардын 57си кайтарылып алынганын айтты. 
Андан соң депутаттар өлкө боюнча авариялык абалда турган мектептердин маселелерин көтөрүштү.
Депутат Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусундагы №6-мектеп селдин кесепетинен окутуу иштерин токтотконун айтып, бул сыяктуу мектептердин көйгөйлөрү качан чечилерин сурады. Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева өлкө боюнча 84 пайыз мектеп авариялык абалда турганын билдирди. "Авариялык абалда турган мектептердин саны көп, биз курулушка канча каражат керектелерин эсептеп, Каржы министрлигине жибергенбиз. Акча маселеси чечилсе, ага жараша оңдоо иштери жүргүзүлөт",- деди Сариева. Суроо-жооп уланууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан