Бишкекте 60тай мончо, мейманканалар текшерилип, 30га жакын интим кызматын көрсөткөн кыз аныкталды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, интим кызматын көрсөтүү менен алектенген кыздар райондук милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, аларга административдик протоколдор түзүлгөн. Жалпы 100 миң сом айып пул салынган.
Борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгы интим кызматын көрсөткөн жайларды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.