"Ата Мекен" партиясынын шайлоо алдындагы чыйрак кадамдары

"Эгемендүү кыргыз мамлекетинин көз карандысыз саясатынын ардагери "Ата Мекен" социалисттик партиясынын шайлоо алдындагы чыйрак кадамдары терең ойлонууга түртөт" деп кабарланат "Экстраньюс.кж" маалымат булагында.

Маалыматта айтылгандай, Өмүрбек Текебаев демилгелеген, бир эле учурда "атасы" катары эсептелип, коомчулукта чуру-чууга түшүргөнү менен, эл аралык коомчулуктун бардык мүчөлөрү тарабынан жылуу кабыл алынган кыргыз парламентаризми коомчулукка жакты, бирок дал ошол парламенттик шайлоолордо партиянын мыйзамдуу добуштарын акыйкатсыздык менен тартып алышкан. 

"Партиянын лидери жер-жерлердеги координаторлордун аймактарда жандуу, жаңы усулдар менен электораттын арасында иштөөсүн жандантты. Ошондой эле калктын бардык катмарлары менен иштөөнү жөнгө салчу учур келгендигин айтты. Азыр көңүл жубаткан эсеп-чотторду берүү менен иш ордунан жылбайт. Партиянын ишмердигин түп-тамырынан бери жаңылап жана жакшыртыш үчүн биринчи кезекте сабаттуу функционерлер жана бир аз каржы зарыл. Бирок партиянын идеялык талапташтары дагы көп экендигин партиянын жер-жерлерде өткөн жыйындарынан улам көрүп жатабыз. Алар эч нерседен коркпой "Ата Мекендин" туусун бийик көтөрүп жүрүүчүлөрдүн катарында. Болгону партиянын идеологиясын жакшыртуу жагын колго алуу керек",- деп айтылат маалыматта. 

Мезгил-мезгили менен партияга анын кээ бир мүчөлөрүнүн мародёрлугу, жасалма компроматтарды, интернет-тролли, фейктер сыяктуу жалган жалааларды канчалык жабыштырбасын, алар партиянын элдин алдындагы кадыр-баркын түшүрө алышпайт. Анткени алардын бири дагы далилденген эмес. Айтмакчы, шайлоолордун алдында атаандаштар эбак эле чаң басып калган компроматтарды, ушактарды кайрадан алып чыга башташты. Азырынча алда канча жаңы жана ынанымдуу компроматтар атаандаштарыбызда жок. Бүгүнкү күнү шайлоо алдындагы технологияларга, административдик жана материалдык ресурстарга таянып отура берүү жемиш алып келбейт. Эл акылдуу болуп калды. Азыркы кезде креативдүү жана таалим-тарбиялуу инсандардын ачык иштери алдыга озуп чыкты. 

"Ата Мекен" парламенттик фракциясында али 40 жашка толо элек Жоомарт Сапарбаев, Наталья Никитенко, Бактыбек Калмаматов, Ширин Айтматовалар өзүндө болгон саясий мүмкүнчүлүктү эми гана сарптап жатышат. Партиялык маалыматтар боюнча, "ата мекенчилердин" жарымынан көбү 25-30 жаштагы жаштар экендигин партия лидери тастыктады. Ошондой эле аталган материалда "Ата Мекен" партиясынын катары барган сайын көбөйүп бара жаткандыгы белгиленет. 

Алдыда облустук конференциялар. Элдин жалпы маанайына караганда, "ата мекенчилер" мурдагы кетирген кемчиликтерин оңдоп, алдыга коюлган жаңы максаттар үчүн толук чечкиндүүлүк менен иш-аракеттерди жасоого даяр экендигин билдиришүүдө. 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
volk.kg
2015-04-24 21:21:09
Бул парламентин партияларын кайра шайлабайлы. Аларга 5 жыл убакыт берилди. Б.ктун ишинда аткарышпады. Убаданы беришет сатып кетишет. Кайра беришет... озу партиялык кылбай ар бир депутатты озунчо шайлаш керек. 120 сынын 100 момоюп отурушат беттерин табактай кылышып. Мен мектеп окуучусумун. Менин башым ушунчага жетип жатат. Элдер не алданышат? Акчагабы? Чайгабы?
+4
kazemir
2015-04-25 08:21:02
Коробузгоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан