Бүгүн, 4-июлда президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөтүнө барып, кызматкерлерди таппай калды.
Маалым болгондой, Сатаров Дөбөлү айыл өкмөтүнө барып текшерүү жүргүзгөн. Анда ал саат 9:00гө барып, кызматкерлерди таппай калган. Сатаров айыл өкмөттөгү кечиккен 10 адамды белгилеп, алардан түшүнүк кат алып, чара көрүүнү тапшырды.
Эске салсак, Нурбек Сатаров 27-июнда президенттин Нарын облусундагы өкүлү болуп дайындалган. Буга чейинки облусту жетектеп келген Алтынбек Эргешов кызматынан бошотулуп, Токмок шаарына мэр болгон.
Нурбек Сатаров былтыр март айында ошол кездеги министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тескемеси менен президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулган.