Премьер-министр Жоомарт Оторбаев ветеринардык тармактын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.
Куттуктоонун мазмуну төмөнкүдөй:
"Урматтуу республиканын ветеринардык тармагынын кызматкерлери!
Ветеринардык тармактын кызматкерлеринин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктап коюуга уруксат этиңиздер!
Улуу илимпоз И.П.Павлов: “Дарыгер адамды дарылайт, ал эми ветеринардык дарыгер адамзатты дарылайт”,- деп илгери эле таамай айткан. Бул сиздердин ишиңиздерге карата берилген айкын мүнөздөмөлөрдүн бири. Жагымдуу эпизоотиялык жагдайды сактоо, коопсуздукту жана мал чарбачылыгынын продукцияларынын жогорку сапатын камсыздоо, коркунучтуу ылаңдардын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү сыяктуу иштердин бардыгы өзгөчө жоопкерчиликти талап кылат.
Сиздер эң байыркы жана урматтуу кесиптердин бирин тандап алуу менен улуттун, республиканын калкынын саламаттыгын сактоого чоң салым кошуп жатасыздар.
Бирдиктүү бажы мейкиндигин түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын ЕАЭМге кирүүсүнө байланыштуу сиздердин ишиңиздер көп эсеге жогорулайт. Айыл чарба продукциясын өлкөгө алып келүүгө жана өлкөдөн алып чыгууга көзөмөл жүргүзүү бүгүнкү күндө көбүрөөк көңүл бөлүүнү талап кылат, демек, сиздерге кошумча жоопкерчилик жүктөлөт.
Сиздердин инспекциянын алдына жаш адистерди тартуу, заманбап технологияларды киргизүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттер тагылат. Ошондуктан республикада диагностикалык лабораторияларды кайра жабдуу ишке ашырылып, кадрларды окутуу жүргүзүлүп, заманбап ветеринардык жабдуулар киргизилүүдө, алар инспекциянын кызматкерлеринен билим деңгээлдерин дайыма өркүндөтүүнү жана жогорулатууну жана жаңы ыкмаларга ээ болууну талап кылат.
Бул багытта республиканын Ветеринардык инспекциясы мындан ары да сабаттуу жана жоопкерчиликтүү ишин көрсөтө тургандыгына ишенебиз.
Ардактуу кесип ээлери, Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматкерлеринин күнүнүн алдында республиканын жалпы тургундарынын атынан чын ниеттен айтылган ыраазычылыкты кабыл алып коюңуздар. Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга бакыт-таалай, бакубат жашоо, ийгиликтерди жана чың ден соолукту каалайбыз! Сиздердин адистикке байланышкан бардык кооптуу жагдайларды кесипкөйлүгүңүздөрдүн жана ишке ак ниеттүү мамилеңиздердин натыйжасында жеңип чыгууңуздарга тилектешпиз!"