Бүгүн, 4-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын аскердик окуу жайларынын жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Академиясынын кесиптик кайра даярдоо курстарынын бүтүрүүчүлөрүнө алгачкы аскердик наамдарды жана дипломдорду тапшырды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен маалымдашты.
Иш-чараны УКМКнын башчысы ачып, бүтүрүүчүлөрдү окуусун ийгиликтүү аякташы жана мекенге кызмат кылуудагы кесиптик жолунун башталышы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө жаш офицерлердин антына берилгендигин, мекенчилдигин жана жогорку кесиптик даярдыгын баса белгиледи.
Быйыл офицердик курамдын катарына татыктуу окуудан өтүп, жогорку деңгээлдеги билимин, тартиптүүлүгүн жана ишине берилгендигин көрсөткөн ондогон бүтүрүүчүлөр кошулду. Алардын баары биринчи аскердик наамдарды жана мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду алышты.
Өзгөчө айырмаланган курсанттарга ыраазычылык кат жана эстелик белектер тапшырылды. Аземге бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери жана жакындары да катышып, жаш офицерлерди тарбиялоого жана окутууга кошкон салымы үчүн окутуучуларга жана командачылыкка ыраазычылык билдиришти.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын атайын кызматынын тарыхында алгачкы жолу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Академиясы ачылып, анда коопсуздук багындагы кызматкерлер, чек арачылар жана башка адистер даярдалат. 2025-жылдан баштап курсанттар УКМК Академиясында окутулуп, эми алар Орусиянын ФККсына окууга барышпайт.