Максат Сабиров Түркиядан бөлүнгөн насыяны мектептерди оңдоого жумшоону сунуштады

Бүгүн, 18-февралда ЖКнын тармактык комитетинин жыйынында депутат Максат Сабиров Ысык-Көл облусундагы жер титирөөдөн зыян тарткан мектептердин абалын айтты. «Жер титирөө болгон райондордо мектеп директорлору билим берүү мекемелери авариялык абалда экендигин айтышып, "эгер жер титирөө болуп калса, окуучуларга жооп бере албайбыз" деп арызданышты. Азыр ал мектептерде окуучуларды басып калуу коркунучу бар. Ошондуктан Түркиядан бөлүнгөн насыяны бөлүштүрүүдө авариялык мектептерди тизмеге киргизиш керек»,- деди Сабиров. Депутат ошондой эле учурда жабыркаган мектептердин түркүктөрү зым менен байланып, мугалимдер менен окуучулардын өмүрүнө коркунуч жаралып жатканын кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан