КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери согуштун ардагери Жармат Сулайманов карыяны 9-Май - Жеңиш майрамы менен куттукташты. Мындай маалыматты мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Ага ылайык, ӨКМнын кызматкерлери Кадамжай районунун Халмион айылында жашаган 94 жаштагы ардагер Жармат Сулайманов аксакалдын үйүнө барып, кызматкерлердин эсебинен 5000 сом акчалай жардам көрсөтүштү.
Айта кетсек, Жармат карыя 19 жашында согушка кетип, душмандар менен салгылашып, Польшага чейин барган.